super.kg logo
  Саясат  

Саламаттык сактоо министрлиги: "Өлкөдө адамдын боорун же жүрөгүн алмаштыра алган медициналык мекеме жок"

 
"Бүгүнкү күнү өлкөдө адамдын боорун же жүрөгүн алмаштырууга даяр медициналык мекеме жок". Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде парламенттин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзам кабыл алынгандан кийин министрлик аталган органдарды трансплантациялоо боюнча керектүү иш жүргүзөт. "Бирок өлкөдө бөйрөктү алмаштыруу боюнча операция кылууга мүмкүнчүлүк бар. Чет өлкөлөрдө трансплантациялоонун баалары мүчөгө карата айырмаланат. Трансплантациянын баалары орто эсеп менен 7-15 миң долларга барабар болууда. Ал эми Кыргыз Республикасында адам мүчөлөрүн алмаштыруу боюнча операциялардын бааларын жөнгө салууну Саламаттык сактоо министрлиги өз көзөмөлүнө алат",- деди Мурзалиев.
Айта кетсек, парламентте жеке менчик медициналык мекемеге бейтапка жакын тууганынын мүчөсүн трансплантациялоого уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: