super.kg logo
  Саясат  

Коомдук коопсуздукка шек келтирген административдик укук бузуп, бир жылдын ичинде кайра жоопко тартылгандар жеке күзөтчү статусун ала албай калышы мүмкүн

 

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору жеке детективдердин жана жекече күзөтчүлөрдүн кардарларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыгып, жеке детективдер үчүн кошумча ыйгарым укуктарды белгилөөгө жана жеке күзөтчүнүн укуктук статус алышы үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө багытталууда.

Жекече күзөтчү статусун алууга эгерде мындай ыйгарым укуктар токтотулгандан же бошотулгандан кийин кеминде үч жыл өтсө, КРнын мыйзамдарына ылайык, тартип бузуу менен мамлекеттик кызматкердин наамын дискредитациялоого байланыштуу же ага карата ишенимди жоготкон жоругуна байланыштуу негиздер боюнча мамлекеттик кызматкердин ыйгарым укуктарын токтоткондор талапкер болууга укуксуз экени белгиленүүдө. Ошондой эле коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка же сот адилеттүүлүгүнө шек келтирген административдик укук бузууга барганы үчүн административдик жоопкерчиликке бир жылдын ичинде кайра тартылгандар да жекече күзөтчү статусун алууга талапкер боло албастыгы кошумчаланган.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: