БУУ Кыргызстандагы эки мекемеге 1,5 миллион сомдук компьютердик жабдыктарды берди
БУУнун Азык-түлүк программасы КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана Улуттук статистика комитетине жалпы өлчөмү 1 миллион 610 миң сомдук 58 компьютердик жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу 18-февралда аталган уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул компьютердик жабдыктар “Кыргызстандагы улуттук тамак-аш коопсуздук маалымат системин бекемдөө” долбоорунун алкагында берилди. "Бул компьютердик жабдуулар аталган мекемелердин ишин ыкчам жана сапаттуу ишке ашыруусуна көмөк болот" дейт аталган уюмдун өкүлчүлүгү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

