super.kg logo
  Саясат  

Болочок жубайларга үйлөнөрдөн мурун нике келишимин түздүрүү демилгесине депутаттар каршы чыгышууда

 
Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында никеге турууну каалаган жарандардын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралууда. Демилгечи депутаттар мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына жубайлар ажырашып кеткенде кыз-келиндер кыйналып жаткандыгы түрткү болгонун айтышты. Бирок көпчүлүк депутаттар демилгеге каршы чыгышты. 
Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, бул талап кыргыздын менталитетине туура келбейт. "Болочок жубайлардын бөлүшүп алууга эч кандай мүлкү болбосо эмнени бөлүшөт? Жеке мүлккө ээ болгончо ата-энесинин карамагында болушат. Ошол ата-энесинин акчасына үйлөнүп, ата-энесинин үйүндө жашашат. Андан сырткары жаңы баш кошуп жаткандар "өмүр бою чогуу, жакшы жашайбыз" деген тилек менен үйлөнүшөт, "ашырашып, байлыкка ээ болуп калайын" дешпейт. Жаш жубайлардын ажырашып кетишине ата-энелер өздөрү себеп. Анткени кыз келин болуп баргандан кийин энеси бул жакта туруп алып "Эмне жеп жатасың, урушпай элеби?" деп сурап, кыйынчылык болуп калса, алып кетип калат. Ошондуктан бул демилгеге каршымын",- деди Исаков.     





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: