super.kg logo
  Саясат  

Адамдын органдарын алмаштырууга жеке менчик ооркуканаларга да уруксат берилгени жатат

 

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Акыркы жылдары кыргыз мамлекетинде терминалдык бөйрөк оорусу менен ооругандар көбөйгөнү жана бул патология менен ооругандар калктын 1 миллионуна 300 оорулууну түзөрү (1 миллион адамдын 300ү ушул оорудан жабыркайт), ал эми калктын 11 пайызы бөйрөктүн өнөкөт оорусу менен жабыркай турганы айтылды. 

Мыйзам долбоору менен жакын туугандардын органдарын жана (же) ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилмекчи.

Эгерде саламаттыкты сактоо уюму адамдын органдарын трансплантациялоо боюнча операцияларды жасаш үчүн зарыл адам ресурстарына, медициналык аппаратурага, тиешелүү сертификаттарга жана башка зарыл документтерге ээ болсо, Кыргыз Республикасынын аймактарында мындай түрдөгү операцияларды жасаганга мамлекеттик да, менчик медициналык мекемелерде да уруксат берилет. 

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: