Министр Абдылдаев Кытайдагы кыргыз өкүлчүлүктөрү өткөн жылы 600дөн ашык кытайлык жаранга мыйзамсыз виза бергенин айтты

"Кытайдын Пекин жана Үрүмчү шаарларындагы кыргыз өкүлчүлүктөрү өткөн жылы 600дөн ашык кытайлык жаранга мыйзамсыз виза беришкен",- деп билдирди тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 22-апрелдеги маалымат жыйынында. Абдылдаевдин билдиришинче, күнөөлүүлөргө карата тиешелүү чаралар көрүлгөн.
“Пекин шаарында мыйзамсыз виза берүү фактылары өтө көп эмес, ал эми Үрүмчүдө 600гө жеткен. Белгилеп кетчү жагдай, бул жерде виза берүү шарттары толук кандуу сакталбагандык гана болгон жана документ берилген жарандар кытайлык болгону менен, өздөрү этникалык кыргыздар болуп саналат”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

