Бишкектин Ак-Өргөө, Арча-Бешик, Ак-Ордо жаңы конуштарындагы айымдар акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү
15-февралда Бишкектин Ак-Өргөө, Арча-Бешик, Ак-Ордо жаңы конуштарындагы айымдар акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүдөн 395 аял өттү. Айымдарды терапевт, невропатолог, маммолог, акушер-гинекологдор текшерип, 3 аялдын сүт бездеринде оорунун белгиси байкалгандыктан, Онкология институтуна жиберилди. Ленин райондук администрациясы менен аталган институт мындан ары дагы медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүп турушмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

