super.kg logo
  Саясат  

Жеке менчик медициналык мекемеге бейтапка жакын тууганынын мүчөсүн трансплантациялоого уруксат берген демилге жактырылды

 

Жогорку Кеңеш 23-апрелдеги жыйынында "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору менен жакын туугандардын органдарын жана (же) ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилмекчи.

Эгерде саламаттыкты сактоо уюму адамдын органдарын трансплантациялоо боюнча операцияларды жасаш үчүн зарыл адам ресурстарына, медициналык аппаратурага, тиешелүү сертификаттарга жана башка зарыл документтерге ээ болсо, Кыргыз Республикасынын аймактарында мындай түрдөгү операцияларды жасаганга мамлекеттик да, менчик медициналык мекемелерде да уруксат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: