super.kg logo
  Саясат  

2014-жылдагы республикалык бюджетке кайрадан тактоо киргизилүүдө

 

22-апрелде Жогорку Кеңеште 2014-жылдын республикалык бюджетине тактоо киргизүү максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бюджетке өзгөртүү киргизүү мыйзамдын 5-беренесинин 2-пунктунун редакциясын "Экономикалык классификациялар боюнча чыгашалар" 4-1-тиркемесиндеги "капиталдык салымдар" беренеси боюнча тактоо менен шартталган. Мыйзамда капиталдык салымдардын көлөмү 4 483 479,0 миң сом өлчөмүндө каралган, ал эми тиркемеде 4 506 979,0 миң сом өлчөмүндө же 23,5 миллион сомго көп көрсөтүлгөн.

Республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларын тактоодо капиталдык салымдардын көлөмү өкмөттүн 2014-жылдын 8-декабрындагы №559-б буйругуна ылайык 4 506 979,0 миң сом суммасында эсепке алынган. Мыйзамга карата түшүндүрмө кат туура сумманы камтыйт, анткени акыркы редакциясына Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандан кийин өзгөртүү киргизилген.

Ошондон улам көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын 2014-2016-жылдарга республикалык бюджети жөнүндө" КРнын мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "4 483 479,0"  санын "4 506 979,0" санына өзгөртүү сунуш кылынууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: