super.kg logo

Казакстандагы жол кырсыгынан улам каза тапкан дагы эки кыргыз жаранынын сөөктөрүн алып келүү иштери жүрүүдө

 

Казакстандагы жол кырсыгынан улам каза тапкан дагы эки кыргыз жаранынын сөөктөрүн алып келүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1982-жылы туулган Сартмамбетов Мукамбет Сейдалиевичтин агасы жана 1985-жылы туулган Сойкоев Максатбек Бекмуратовичтин апасы Казакстан Республикасынын Балхаш шаарына барышып, каза болгондорду таанышкан.

Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 15 кыргыз жараны каза таап, төртөө жабыркаган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Биринчи унаанын ичинде 19 кыргыз жараны болгон.

Буга чейин жол кырсыгынан каза тапкан Оринбаев Аббас (2008-жылы туулган), Оринбаев Аброриддин (2006-жылы туулган), Оринбаева Хадичахон (2003-жылы туулган), Оринбаева Гавхарай(1981-жылы туулган), Оринбаева Мавжуданын (1953-жылы туулган) жана 1993-жылы туулган Рустамбек Дарбешовдун сөөктөрү алынып келинген.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.04.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий жаман болдуда.Максатбек тиги мукамбетти алып келе жатты эледа россияга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: