Ошто мектеп окуучуларынын арасында адеп сабагынан олимпиада өтөт
28-апрелде Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде 8-класстын окуучуларынын арасында адеп сабагы боюнча олимпиада өткөрүлөт. Аталган окуу предмети боюнча олимпиада өткөрүүнүн негизги максаты - окуучулардын адеп сабагына болгон кызыгуусун арттыруу менен өзгөчө шыктуу окуучуларды таап, аларга колдоо көрсөтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү максатында түрдүү интеллектуалдык таймаштар уюшулуп, предметти тереңдетип окутууга шарт түзүү башкы максат болуп саналат. Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-2015-окуу жылындагы базистик планына ылайык, адеп предмети 1-8-класстарда жумасына 1 сааттан өтүлөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.