Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган фонддун кызмат адамдары «Баткенмунайгаз» ишканасынын каржылык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн мунай чалгындоочу Эл аралык «Чжуннен» ишканасы менен «пайдасыз келишим түзүлгөн» деп айыпталышууда. Анын кесепетинен улам мамлекетке ири суммадагы зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.