Кыргыз мамлекетинин мигранттары май айында патент алуудан бошотулушат

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин кыргыз мигранттары патент алуудан жана жумушка уруксат кагаз алуудан бошотулушат. Бул тууралуу Орусиянын Миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский 22-апрелде чет элдик маалымат булактарына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 9-майдан тартып кыргыз мигранттарына Орусияда иштөөдө жеңилдиктер таасир этип баштайт. "Күтүлүп жаткандай, 2015-жылдын 9-майында кыргыз мамлекети бул союзга кошулат. Ошол себептүү бул багытта өз мыйзамдарын шайкеш келтиришүүдө. Биримдикке киргенден кийин алар үчүн Орусияда иштөөгө бир топ жеңил болот",- деди Ромодановский.
Айта кетсек, 2015-жылдын 1-январынан тарта Москвадагы мигранттар үчүн патенттин баасы 4 миң рублга чейин кымбаттаган (айына). Айрым аймактарында 2 миңден 3 миң рублга чейин жогорулаган.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, 2015-жылдын 1-январынан тарта Москвадагы мигранттар үчүн патенттин баасы 4 миң рублга чейин кымбаттаган (айына). Айрым аймактарында 2 миңден 3 миң рублга чейин жогорулаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

