super.kg logo

Бишкекте 500 окуучу катышкан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган гала-концерт өттү

 
Марат Аманкулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Бишкек шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Эсенаман Тойгонбаев

Бүгүн, 22-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Мен Жеңиштин мураскорумун” деген аталыштагы гала-концерт өттү. Ага шаардын бардык мектептеринин таланттуу 500гө чукул окуучусу катышып, советтик ырларды, кыргыз бийлерин аткарып элдин көңүлүн көтөрүштү. Салтанаттуу иш-чара Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, кыргыз искусствосуна эмгеги сиңген ишмерлер, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мэриянын өкүлдөрү, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, шаардык мектептердин окуучулары жана алардын ата-энелери, жакындары катышты. 

Концерттин кадырлуу коногу Бишкек шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Эсенаман Тойгонбаев өз сөзүндө 1941-1945-жылдары көптөгөн жаш жоокерлер согуш майданында азыркы жаркын жашоо үчүн жандарын бергендерин билдирди.

Биз башыбыздан өткөргөн мындай кандуу, ачкачылык жылдар сиздерге эч качан келбесин. Канчалаган кырчындай болгон жаш балдар каза болгон ошол учурда... Бирок СССР элдери патриоттук дем менен жашашчу. Ал маалда кыргыз жергесинен 363 миң жоокер согушка кеткен, алардын 161 миңи келген жок. Биз башка советтик өлкөлөрдүн аскерлеринен артта калбай, Москваны, Ленинградды душмандардын колуна берген жокпуз, бардык кыйынчылыктарга туруштук бердик. Силер биздин урпактарсыңар, күчтүүсүңөр, ар дайым бар болгула, элибиз тынчтыкта жашасын”,- деди ардагер. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: