super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 147 мектеп авариялык абалда

 

Кыргызстанда 150дөн ашык мектеп авариялык абалда экенин бүгүн, 18-февралда  ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитети менен Эл аралык иштер боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, учурда катталган авариялык абалдагы мектептердин саны 147. Алардын ичинде кооптуу абалда, бирок тизмеге алына элек мектептер дагы бар, аларды кошкондо 150дөн ашат. “Тизмеге Ысык-Көлдө болгон жер титирөөдөн жабыркаган мектептерди кошкон жокпуз. Учурда Түркия Республикасынын кредиттик каражатынын эсебинен курулчу объектилерге өрттөнүп кеткен 3, авариялык абалдагы 11 мектеп киргизилип жатат”,- деди министрдин орун басары.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: