super.kg logo

LG: Укмуштуу, гениалдуу жана кооз LG G FLEX 2!

 

LG компаниясы Лас-Вегаста CES® 2015 эл аралык көргөзмөсүнө биринчи жолу жаңы LG G flex 2 смартфонун чыгарды. Өзүнүн инновациялык дизайны жана стандарттуу эмес концепциясы менен түрдүү категорияда 12ден ашык сыйлыкка жана көптөгөн жылуу пикирлерге арзыды.

LG G flex 2 прогрессивдүү дизайны, иш аткаруу тездиги, эң башкысы, колдонуудагы сонун ыңгайлуулугу жана колдонуучулук интерфейсинин түшүнүктүүлүгү менен параметрлердин көптүгү боюнча мыкты жетишкендиктерди даңазалайт.

LG G flex 2 эффективдүү жана тез иштөө үчүн кубаттуу 64 бит, 8 ядролуу Qualcomm®Snapdragon™ 810 процессору менен жабдылган. Ал 5,5 дюймдук экранды Full HD`ге чейин чоңойтууга мүмкүндүк берет, ал эми жаңыланган программалык камсыздоо көптөгөн жаңы ыңгайлуу функцияларды сунуштайт.

G flex 2 корпусунун ийилчээктиги өзүнөн мурун чыгарылган аппараттардын көрсөткүчтөрүн басып өтөт. Анын эргономикалык дизайны сырткы добуштарды азайтуу жана микрофондун жакшы иштеши үчүн микрофонду оозго жакындатат. Экрандын мүмкүнчүлүгү 1080 p Full HD`ге чейин көбөйтүлдү, экрандагы ар бир деталь тунук жана жандуу көрүнөт.     

Арткы капкактагы өзүн өзү калыбына келтирүүчү каптамасы чийилип калганына карабастан, смартфондун жаңыдай көрүнүшүнө жардам берет. Калыбына келүү ылдамдыгы мурунку үлгүлөргө салыштырмалуу кыйла кыскарды: бөлмө температурасында 3 мүнөттөн орточо 10 секундага чейин.

LG смартфондорунан гана көрүүгө болгон дагы бир инновациялык технологиялардын бири - лазердик автофокустуу, биринчи жолу популярдуу LG G3 үлгүсүнө колдонулган абдан тез иштөөчү камера. Бул G flex 2ге жарык жетиштүү эмес жерлерде аралыкты лазердик нурдун жардамы менен өлчөп, сонун сүрөттөрдү тартууга мүмкүндүк берет. G flex 2 сүрөттөрдүн сапаты боюнча көптөгөн фотоаппараттар менен жарыша алат. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.04.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге качан келет?
23.04.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер. Мен телефонумду алмаштырам окшойт.
23.04.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаны прецподборщик чыкса экен эми,жакында чоп орумдар башталганы жатат.
23.04.2015. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы канча экен супер
23.04.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursultan.m.n, 39-40
24.04.2015. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдар LG прессподборшик бизге келген күндө да сомдун чамасы жетпей калат, алакандай болгон LG тилпондун баасына салыштыра берсең болот.
24.04.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kerakg,Айканында калет жок. Бирок тилпон азгырык акча сорот, пресс подборшик озун актайт:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: