"Мигранттардан келген каражат азайды" деди өкмөт башчы Оторбаев
"2014-жылы чет өлкөдө эмгектенген кыргыз мамлекетинин мигранттарынан келген каражат азайды",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы 23-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2014-жылы аткарган иши тууралуу маалымат берип, мунун себебин Орусиядагы экономикалык каатчылыкка байланыштырды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Курулуш тармагына инвестиция тартуу 2013-жылга салыштырмалуу бир топ төмөн, анткени мигранттардан келген каражаттын көлөмү азайды. Бул Орусиядагы кризис менен байланыштуу",- деди Оторбаев. Ошондой эле тоо-кен тармагында өсүү байкалбай жатканын кошумчалады. "Бул алтындын баасынын төмөндөп кеткенинен улам болууда. 2014-жылы алтындын 1 унциясы 1200 доллар болуп калган. Ошондуктан чет элдик компаниялар инвестиция салбай коюшту. Көпчүлүгү кризиске кабылып, компаниясын сатып жиберишүүдө",- деди премьер-министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

