Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2014-жылы аткарган ишине "канааттандырарлык" деген баа берди
Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2014-жылы аткарган иши тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отчётун укту. Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө суроолорун берген соң өкмөттүн былтыр аткарган ишине баа берүүгө өтүштү. Добуш берүүдө парламенттин 66 депутаты "канааттандырарлык" деген баага макул болду, ал эми 11 депутат каршы добуш берди. Мындан тышкары бул добуш берүү менен бирге парламент өкмөттүн отчётун кабыл алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

