Абдырахман Маматалиев: "Зордук-зомбулукка кабылган балдардын көбү чет өлкөгө кеткен мигранттардын балдары"
"Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына ылайык, зордук-зомбулукка кабылган балдардын көбү чет өлкөгө кеткен мигранттардын балдары",- деди бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев.
Анын айтымында, мигранттар акча табуу максатында сыртка кетерде балдарын туугандарына, ата-энелерине таштап кетишкени көп байкалат. "Милиция кызматкерлери ушундай балдардын зордук-зомбулукка кабылуусунун алдын алуу боюнча иш жүргүзүп жатышат. Балдарын калтырып кеткен ата-энелерге катуу чара көрүү боюнча тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдап жатабыз. Мындай демилге баланы тарбиялоого багытталат. Мындан тышкары премьер-министрдин жетекчилигинин астында зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча 3 жыйын уюштурулган. Алардын жыйынтыгында чоң иш план иштелип чыккан",- деди Маматалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















