super.kg logo
  Саясат  

"2010-жылы революциянын болушуна суу эмес, башкалар себеп болгон" деди Тайырбек Сарпашев

 
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "2010-жылкы революцияга суу себеп болгон эмес, себеби башка болгон" деп билдирди. Өкмөт мүчөсү бул тууралуу 23-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Жыйында депутат Улукбек Кочкоров Токтогул суу сактагычында 6,5 миллиард метр куб суу калганын айтып, эмнеге чара көрүү аракеттери жүрбөй жатканына токтолду. "Бүгүн суунун көлөмү өтө аз. Эсиңерде болсо, Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишине Токтогул суусу себеп болгон. Ошол учурда электр энергиясынын баасына нааразы болгон эл бүгүн да нааразы. Ошондуктан чара көргүлө",- деди Кочкоров. 
Жооп иретинде Тайырбек Сарпашев буларды айтты: "Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү биз үнөмдөп пайдаланганыбыз үчүн 6,5 миллиард метр куб болуп жатат. Эгерде биз электр энергиясын Казакстандан сатып албаганыбызда 4,5 миллиард метр куб суу калып, мына ошондо каатчылыкка кабылат болчубуз. Ал эми Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишине электр энергиясы эмес, ал кишинин калыссыздыгы себеп болгон. Бийликти узурпациялап алганынан улам бийлиги кулады".
Суроо-жооп уланууда





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: