super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин делегациясы Германияга 3 күндүк иш сапары менен барды

 

22-апрелден тартып Жогорку Кеңештин делегациясынын Германиядагы үч күндүк иш сапары башталды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин 10 депутаты бар. 

Иш сапардын алкагында Бундестагдын вице-президенти Йоханнес Зингхаммер, Бундестагдагы Борбордук Азия тобунун төрагасы Манфред Грунд, Бундестагдын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы менен, ошондой эле Федералдык каржы министрлигинде, Германиянын Федералдык банкында жолугушуулар болот.

Иш сапардын максаты - кыргыз-герман парламент аралык кызматташтыгын өнүктүрүү, герман тараптын бюджеттик жана каржылык тажрыйбаларын үйрөнүү, жаңы байланыштарды түзүү.

Берлин шаарындагы Гумбольд атындагы университеттин Борбор Азия кафедрасы менен бирге залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган кече өткөрүү да пландаштырылууда. Ага кыргыз делегациясы, герман коомчулугу менен университеттин өкүлдөрү, Германиядагы кыргыз диаспорасы катышмакчы. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: