super.kg logo

Башкы прокуратура мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевди өткөрүп берүү боюнча Казакстандын прокуратурасына кайрылды

 

Башкы прокуратура мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевди өткөрүп берүү боюнча Казакстандын прокуратурасына кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, кат 22-апрель күнү Кишинёв конвенциясынын негизинде жөнөтүлгөн.

Апрель айынын башында Казакстандын Сарыагаш райондук соту Кыргыз Республикасынын мурдагы муфтийи Рахматулла Эгембердиевди убактылуу камакка алганын жарыялаган.

Басма сөз кызматынын маалыматында 38 жаштагы Р.Эгембердиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качуу) боюнча айыпталганы жазылган.

Айта кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында интернет булактарына "Рахматулла Эгембердиев - КМДБ башчысы" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин айткан. 2014-жылдын 7-январында Эгембердиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.04.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу кыргыз элим! Ушул Эгембердиевди колдойлу адамдын жеке жашоосуна кийгилишкенге эч кимдин президентин дагы укугу жок.Жыланач шерменде кылды дагы сотко чыкырып жатат. Адам олтургондор тоногондор саунада кыргыз кыздарын иштеткендер кылмышкерди уйуно жашыргандар жыргап журбойбу эмнеге аларды камабайт?
23.04.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мувтияттын салыктан карызын кечти эле го ЖК, башка жалаа жапса болбойбу эми, рас камагынар келип жатса.
23.04.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсы налог? ЖК бошоттту го налогту Чынында эле жогоркуда айтылгандай ар бир кишинин жеке жашосуу озунуку эч ким кийгише албайт. Бул кишин жакшы болсо да жаман болсо да Муфтий болуп иштеди, сыйлай билели. Конушу мамлекеттерге уят болобуз бывший Муфтийди камап койсо, бул киши депутат же министр болуп иштеген эмес мындайча айтканда политик эмес. Дин жолунда жургон киши и кичинекейине чет жерде Дин боюнча билим алган.
23.04.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кадыржанды издегиле эгер ошол табылса коптогон окуялардын жузу ачылса керек?
24.04.2015. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bom.bon, Кадыржан келсе иштери 180 градуска озгорот да, азыркы бийлик менен Кадыржандын байланышы бар...)
23.04.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне себептен качып журот Админ .
23.04.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aqua-94mema, саламатсызбы!
2013-жылы УКМК тарабынан Р.Эгембердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөрүлүп берилген. Ал бир канча жолу сот отурумдарына келген эмес. Мындан улам ага издөө жарыяланган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: