super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев кызматынан кеткенден кийин өкмөт башчынын милдетин Тайырбек Сарпашев аткарып турат

 
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кызматынан кеткенден кийин анын милдетин Тайырбек Сарпашев аткарып турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Бактыбек Калмаматов билдирди. 
Анын айтымында, процедура боюнча, өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министрге жүктөлөт. "Оторбаев кызматтан кетүү тууралуу арызын бүгүн жаза турган болду. Эгерде бүгүн жазса, 24-апрелде коалициялык көпчүлүк кезексиз жыйынга чогулуп карайт",- деди Калмаматов.   
Айта кетсек, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турганын бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жарыя кылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: