super.kg logo

Бишкекте Улуттук сүрөтчүлөр академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

 
Улуу Ата Мекендик согуштун Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев

Бүгүн, 23-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Тургунбай Садыков атындагы Улуттук сүрөтчүлөр академиясынын бүтүрүүчүлөрү “7 өң” деген аталыштагы көргөзмөсүнүн ачылышын өткөрүштү. Иш-чаранын бет ачарына Улуу Ата Мекендик согуштун Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев жана бир катар маданият ишмерлери катышты. 

Белгилүү Эл сүрөтчүсү Догдурбек Нургазиевдин 7 окуучусунун бири жана бүгүнкү көргөзмөнүн уюштуруучусу Советбек Аманов сүрөт көргөзмөсүнө жалпысынан 97 эмгек коюлгандыгын белгиледи.

Тургунбай Садыков атындагы Улуттук сүрөтчүлөр академиясын биздин тайпадан 7 бала бүтүрдүк, ошондуктан биргелешкен бул көргөзмөнү “7 өң” деп атоону чечтик. Анткени ар бирибиздин тартуу стилибиз ар башка, өзүңөр байкагандай, бирөөбүз портрет жанрын жакшы көрсөк, башкабыз жаратылышка жан тартып турабыз. Быйыл күзүндө дагы бир көргөзмө уюштурсакпы деп турабыз, бул жерге, тилекке каршы, бардык эмгектерибиз баткан жок. Болгону үчтөн бир бөлүгү эле. Ал эми бул экспозиция 9-майга чейин уланат”,- деди сүрөтчү.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: