Бишкекте окуучулар арасында баскетбол боюнча мелдеш өтөт
Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан 2013-жылдын 21-февралынан 4-мартка чейин Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында окуучу балдар жана кыздар арасында баскетбол боюнча таймаш өтөт. Аталган таймашка 198 окуучу же шаардагы ар бир райондон 4 команда катышат.
Эркектерден турган командалар арасындагы мелдеш 21-февралдан 25-февралга чейин, кыздар арасында 28-февралдан 4-мартка чейин уланмакчы. Таймаш саат 13:30да башталарын билдирет Бишкек мэриясы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.