super.kg logo

Жалал-Абад. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата акция уюштурулду

 

Бүгүн, 23-апрелде Жалал-Абад облустук китепканасы тарабынан "Эркиндик" аянтында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата "Келгиле, китеп окуйлу" деген акция уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти. 

Маалыматта кабарлангандай, акцияга Жалал-Абад шаарынын тургундары, мекеме-уюмдардын жетекчилери, жеке ишкерлер, журналисттер, акын-жазуучулар, окуучулар, студенттер жана өнөр адамдары катышты. Акцияны өткөрүүнүн максаты - окурмандарды китеп окууга тартуу, китеп фондун кыргыз тилиндеги адабияттары менен толуктоо. 

Иш-чаранын жүрүшүндө облустук китепкананын окурмандарынын арасында “Мыкты окурман”, Жалал-Абад облусунун акын-жазуучуларынын арасында ”Мыкты китеп”, “Мыкты жазуучу”, “Мыкты акын”, “Мыкты балдар китеби”, “Мыкты жомок”, “Мыкты китеп жөнүндөгү ыр” сынактары уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилди. Ошондой эле келген конокторго китептер жарманкеси, концерттик номерлер уюштурулуп, китеп жөнүндөгү сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды. “Мыкты китеп жөнүндө жазылган ыр” сынагынын жеңүүчүлөрү өздөрүнүн ырларын көркөм окушту.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: