Жалал-Абад. 1 жаштан 20 жашка чейинки курактагы шаар тургундары кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөөдөн өтүшөт
Жалал-Абад шаарынын аймагында 1 жаштан 20 жашка чейинки курактагы шаардын жалпы тургундарынын, медицина кызматкерлеринин, бала бакча, мектеп, атайын орто жана жогорку окуу жайларда окугандардын жана иштегендердин арасында кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөө 12-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда менчиктин түрүнө карабастан, бардык бала бакчалар, мектептер, атайын орто жана жогорку окуу жайларда окугандар жана иштегендер эмдөөдөн өтүшөт. Санитардык агартуу иш-чараларына мугалимдер тартылып, эмдөө үчүн атайын бөлмөлөр уюштурулууда. Эмдөө бөлмөлөрүндө иштеген бардык медицина кызматкерлерине жакындан жардам жана түшкү тамак уюштурулушу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.