super.kg logo

Бишкекте Чубак Сатаевдин 55 жылдыгына арналган концертте анын ырларын жаштар аткарышты

 
Кубаныч Сатаев концертти "Ак бата" ыры менен ачты.
Кечеге келген коноктор шаңдуу отурушту.
"Миң кыялдын" бийчилери концерттин башынан аягына чейин музыканын коштоосунда бийлеп жатышты.
Куудул Күмөндөр Абылов сахнага чыгып "бүгүн тамаша айтпайм" дегени менен, элди бир сыйра күлдүрдү.
Майрамбек Осмонов "Кең дүйнө" ырын тартуулады.
Саламат Садыкова "Ай, балам" чыгармасын конокторго тартуулады.
Замир Арыкбаев "Энекем" аттуу ырын тартуулады.
Ырчы Кыял Батырканова "Айтчы сен" ыры менен
Көз боёмочу Жетимиш Даскаев концертте фокус көрсөтүп, бир маалда тирүү жылан алып чыкты.
"Чоро" тобу "Жазда" аттуу ырын сунду.

23-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы, обончу Чубак Сатаевдин 55 жылдыгына арналып концерт уюштурулду. Эскерүү кечеси саат 18:45 чамасында башталып, 22:00гө барып аяктады. 

Салтанаттуу иш-чарага Чубак Сатаевдин чыгармачыл достору, маданият ишмерлери, кыргыз эстрада ырчылары катышты. Саламат Садыкова, Кундуз Авашова, куудул Күмөндөр Абылов, агасы Жетимиш Даскаев сыяктуу талант ээлери кечени көркүнө чыгарышты. Ал эми Кайрат Примбердиев, Султан Садыралиев, Кыял Батырканова, Замир Арыкбаев, “Чоро” тобу жана казак ырчысы Дархан Дуйсенов эски ырларды жаңыча ырдап чыгышты. Ошондой эле “Чубактын ак батасы” аттуу ыр жыйнагынын бет ачары болду. Бул китептин ичинде 30 ырдын ноталары жана сөзү камтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
24.04.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан жуктойсуздор,жуктоп коесуздарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: