Бишкекте мектеп окуучуларынын арасында өткөн “Кара жорго” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды




Кечээ, 23-апрелде Бишкекте мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин улуттук бий “Кара жорго” кароо-сынагы аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сынак мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын таланттарын ачуу, аларды ар тараптан колдоо, көркөм жана эстетикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, маданияттын байлыгы болгон кыргыз бийи “Кара жоргону” кеңири жайылтуу максатында өткөрүлдү. Аталган сынактын төмөнкү жеңүүчүлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын дипломдору жана сертификаттары менен сыйланышты.
1-орун. №72-мектеп-гимназиясы, №148-мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана №84-окуу мектебине 30 миң сомдук музыкалык аппараттын сертификаты тапшырылды.
2-орун. №1-мектепке чейинки билим берүү мекемеси, №69-окуу-тарбия гимназиясы жана №141-мектепке чейинки билим берүү мекемесине диплом жана 20 миң сомдук музыкалык аппараттын сертификаты ыйгарылды.
3-орун. №100-мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана №93-орто мектебине 6000 сомдук музыкалык аппараттын сертификаты тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сайрагүл Атаева, Бишкек шаарынын акимчиликтеринин орун басарлары, мектептердин директорлору, ата-энелер жана окуучулар катышты.


1 |