super.kg logo
  Спорт  

Европа Лигасынын жарым финалчылары белгилүү болду

 

24-апрелге караган түнү УЕФАнын Европа Лигасынын чейрек финалындагы жооптук оюндар орун алды. Оюндардын жыйынтыгында жарым финалга чыккан 4 команда белгилүү болду. Алар: “Фиорентина” (Италия), “Севилья” (Испания), “Наполи” (Италия) жана “Днепр” (Украина).

Кошумчалай кетсек, чүчү кулактын негизинде жарым финалдагы атаандаштар аныкталат. Чүчү кулак бүгүн, 24-апрелде ташталат. Алгачкы жарым финалдык оюндар 7-майга, ал эми жооптук оюндар 14-майга туураланган. Финал болсо 27-майда Варшава (Польша) шаарында орун алат. 


Чейрек финалдагы жооптук оюндардын жыйынтыгы: 

“Зенит” (Орусия) – “Севилья” - 2:2

Голдор: Бакка (6-мүнөттө), Рондон (48-мүнөттө), Халк (72-мүнөттө), Гамейро (85-мүнөттө)

“Наполи” (Италия) – “Вольфсбург” (Германия) - 2:2

Голдор: Кальехон (50-мүнөттө), Мертенс (65-мүнөттө), Клозе (71-мүнөттө), Перишич (73-мүнөттө)  

“Фиорентина” (Италия) – “Динамо” (Киев, Украина) - 2:0

Голдор: Гомес (43-мүнөттө), Варгас (90-мүнөттө)

“Днепр” (Украина) – “Брюгге” (Бельгия) - 1:0

Гол: Шахов (82-мүнөттө)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: