super.kg logo
  Саясат  

"Центерранын" Директорлор кеңешине талапкерлер: "Бакиевдерди өмүрү көргөн эмеспиз, тааныбайбыз"

 
Бүгүн, 24-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары "Центерра" ишканасынын Директорлор кеңешине талапкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильям менен жолугушуп, "Кумтөр" маселесин талкуулашууда. Отурумда талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди өмүрү көрбөгөнүн жана таптакыр тааныбай тургандыктарын айтышты.  
Талапкерлердин айтымында, аларга "Центерранын" акционерлери кайрылып жардам сурашкан. "Канададагы компанияларда Директорлор кеңешинин мүчөлөрү дагы бир нече компаниянын Директорлор кеңештеринин курамына кирип алышкан. Бул канадалыктар үчүн кадимкидей көрүнүшкө айланып калды. Мындай болбош керек. Директорлор кеңешинин көз карандысыз болгону туура. Ошондо бардык акционерлердин жана тараптардын кызыкчылыктары сакталат",- деди Грехэм.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: