super.kg logo
  Саясат  

Ислам Каримов президент болуп кайра шайланышы менен куттуктаганы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык айтты

 
Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаевдин дарегине Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдон ыраазычылык каты келди. Каримов кайрадан президент болуп шайланганда куттуктаганы үчүн кыргыз президентине ыраазычылык билдирген. "Менин Өзбекстандын президенти болуп кайра шайланышыма байланыштуу айткан сиздин жылуу куттуктооңуз жана жакшы каалоолоруңуз үчүн чын дилден ыраазычылык билдирем",- деп айтылат катта.  
Өзбекстандын президенти мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук, ишмердүүлүгүнө жетишкендиктерди, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: