super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Ишенбай Абдуразаков эл үчүн, мамлекет үчүн, коом үчүн адал кызмат кылуунун айкын үлгүсүн көрсөттү”

 

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде Ишенбай Абдуразаков - ойчул, дипломат, инсан аттуу конференцияга катышты. Анда коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү И.Абдуразаковду эскеришти.

Жыйында төрага Ишенбай Абдуразаков элибизге орошон ойчул, кылдат дипломат, нарк-насилдүү инсан, парасаттуу адам катары кеңири таанымал болгонун айтты.

“Азыр анын орду бош калганын, ал кишинин акыйкаттан жазбаган даанышмандыгы жетишпей жатканын жалпыбыз туюп турабыз.

Ишенбай Абдуразаковдун өмүр жолуна сереп салсак, максатка умтулуунун, өзүн өзү ар тараптуу өнүктүрүүнүн өрнөктүү мисалын көрөбүз. Ал терең мазмундуу өмүр сүрдү. Өз жашоосунда байлыкка да, бийлик-мансапка да умтулбай, өзү тандаган багытта астейдил эмгектенди, билим, тажрыйба топтоду. Эл үчүн, мамлекет үчүн, коом үчүн адал кызмат кылуунун айкын үлгүсүн көрсөттү. Ал бардык заманда өзүнүн нарктуу жүрүм-турумунан жазган жок. Кандай эмгек кылса да, аны ак ниети менен аткарып, бирөөгө колко кылбай, сыйлык, наам доолабай жашады.

Кыргызда “баланын дээринде болсо чыгат” деген накыл кеп бар. Ишенбай агабыз да мектепти мыкты бүтүрдү, Москвада жогорку окуу жайда жакшы окуду. Илим кудугун казууга белсенип, республиканын Илимдер академиясында иштеди. Анан Коммунисттик партиянын республикалык борбордук комитетине жооптуу кызматка алынды.

Кийинчерээк дипломатияга кетүүгө бел байлап, СССРдин Тышкы иштер министрлигинин Жогорку дипломатиялык мектебине окууга өтүп, аны бүтүргөндөн кийин биротоло дипломаттык кызматка өттү. Ошентип, ал кыргыздан чыккан алгачкы кесипкөй, чыныгы дипломаттардын бири болуп калды.

Албетте, нагыз дипломат деген илим-билим жагынан да, мүнөз-адеп жагынан да ар тараптуу өнүккөн адам болууга тийиш. Ишенбай ага бул талаптарга толук туура келген инсан болгон. Советтер Союзу тарагандан кийин да Япониянын Саппоро шаарында Орусия Федерациясынын башкы консулу болуп иштеп турду.

Ал 1994-жылдан бери карай кыргыз өлкөсүндө эмгектенди. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, мамлекеттик ишмер катары Ишенбай Абдуразаков мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошкон”,- деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: