super.kg logo

Бишкекте окумуштуу-педагог Сатыбалды Нааматовдун 110 жылдыгына карата тегерек стол уюштурулду

 

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында кыргыздын чыгаан окумуштуусу, педагог, агартуучу Сатыбалды Нааматовдун 110 жылдык мааракесин өткөрүү максатында "Тарыхта өчпөс из калтырган инсан" деген темада тегерек стол уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Маалыматка караганда, тегерек столду Тилдерди үйрөтүү борборунун директору Калипа Өмүралиева ачып берди. Ал кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандар тууралуу сөз сүйлөп, алардын эмгегин унутпоо керектигин жана тарыхыбызды биле жүрүүбүз зарыл экенин билдирди.

"Биз өткөн тарыхыбызды түптөгөн улуу инсандарыбызды билишибиз керек. Өзгөчө жаштарга булар тууралуу айтып, ушул сыяктуу тегерек стол, жолугушууларды уюштуруп, тарыхка из калтырган адамдардын өмүр баян, басып өткөн жолу тууралуу маалымат беришибиз кажет. Жакында академиянын ичине белгилүү инсандар тууралуу стенд даярдаганы турабыз",- деди Өмүралиева.

Кийинки сөз агартуучу Сатыбалды Нааматовдун небереси Оңолкан Уманкуловага берилди. Ал чоң таятасынын чыгармачылык эмгектери, үй-бүлөсү жана кыргыз эли үчүн жасаган агартуучулук иштерине токтолду.

Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын окумуштуусу, тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев репрессия убагында курман болгон кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошкон инсандар тууралуу маалымат берди.

Тегерек столдун жыйынтыгында Тилдерди үйрөтүү борборунун улук окутуучусу Нуриля Осмонова Сатыбалды Нааматовдун өмүр жолу тууралуу даярдалган студенттердин баяндамаларына кезек берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: