Чемпиондор Лигасы: Жарым финалда "Барселона" менен "Бавария", "Ювентус" менен "Реал" беттешет





Испаниялык "Барселона" чейрек финалда Франциянын ПСЖ клубун уткан (жалпы эсеп 5:1).

Чейрек финалда эң чоң таң калууну германиялык "Бавария" жараткан. Бул клубдун оюнчулары алгачкы оюнда португалиялык "Португа" 3:1 эсебинде утулганына карабай жооптук оюнда атаандашын 6:1 эсебинде утту.

Испаниялык "Реал" футболдук клубунун оюнчулары чейрек финалда дагы бир мадриддик клуб "Атлетикону" утуп алышты (жалпы эсеп 1:0).

Жарым финалдагы эң алсыз команда катары бааланып жаткан "Ювентус" футболдук клубу. Туриндиктер чейрек финалда "Монако" клубун 1 голдун эсебинен утуп, жарым финалга чыгышкан.





Бүгүн, 24-апрелде Швейцариянын Ньон шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалына карата чүчү кулак таштоо аземи болуп өттү. Анда жарым финалга чыккан "Барселона", "Реал" (экөө тең Испания), "Бавария" (Германия), "Ювентус" (Италия) сыяктуу командалардын мелдештин бул баскычындагы атаандаштары аныкталды.
Автор: Максат Кудайбердиев
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, чүчү кулактын негизинде жарым финалда "Барселона" жана "Бавария" клубдары ойномой болду. Ал эми мадриддик "Реал" финалдык жолдомо үчүн туриндик "Ювентус" менен кармашмакчы.
Кошумчалай кетсек, алгачкы жарым финалдык оюндар 5-6-майда, жооптук оюндар 12-13-майда болот. Ал эми финал 6-июнда Берлин шаарында орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Реал-Бавария
Ойношун каалайт элем!
Чемпион "Реал" болсо эки ирет катары менен.
Рони, Бейл, Бен3ема, Хамес турганда баарын жыртат.