Өкмөт башчылык кызматка Темир Сариев жана Иса Өмүркуловдун талапкерлиги сунушталууда

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы өкмөт башчылык кызматка экономика министри Темир Сариев жана Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлигин сунуштоодо. Бул тууралуу 24-апрелде SUPER.KG порталына депутат Абдыманап Кутушев билдирди. Анын айтымында, алардын талапкерлигин эми парламенттеги коалициялык көпчүлүк карап, бир чечимге келет.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, 23-апрелде Жоомарт Оторбаев премьер-министрликтен кетерин парламентте жарыялады. Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев анын отставкасын кабыл алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
1

