super.kg logo
  Саясат  

Координациялык кеңеш парламенттин 29-30-апрель күнкү жыйындарынын күн тартибинин долбоорун бекитти

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Координациялык кеңештин 24-апрелдеги жыйынында 2015-жылдын май айынын календарлык планы жана 29-30-апрелдеги парламент жыйындарынын күн тартибинин долбоору бекитилди.

29-апрелде Жогорку Кеңеште 2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун директорунун 2014-жыл үчүн баяндамаларын угуу пландаштырылды. Ушул эле күнү бир катар эл аралык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору каралат.

30-апрелде парламентте “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү”, “Автомобилдик жолдор тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча чегерилген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: