Жылнаама, 27-апрель: Мындан 1 жыл мурун кыргыз эстрада ырчысы Фархат Кеңешбек уулу жол кырсыгынан каза тапкан
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын келип чыгышына Тажикстанга караштуу Ворух анклавына жакын жерден өткөн Ак-Сай - Тамдык айланып өтмө жолунун курулушу себеп болгон. Чырлуу окуя учурунда ур-токмоктун айынан жаракат алгандар да болгон.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы эстрада ырчысы, "Сулууга", "Кайдагы сүйүү?" аттуу ырлардын аткаруучусу Фархат Кеңешбек уулу 26-апрелден 27-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылында жол кырсыгына кабылып, 29 жашында каза болгон. Фархат Кеңешбек уулу 1984-жылы 2-июнда Талас районунун Чкалов айылында төрөлгөн. Чыгармачылыгын "Оштук кызга" деген ыры менен баштап, ырчы Азиза менен "Алтын балалык", "Бактылуу сүйүү" деген дуэттерди жаздырган.
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы орусиялык популярдуу ырчы, композитор Стас Михайлов Сочиде туулган. Стас Михайлов музыкалык мектепке кирип, бирок эки жума да окуган эмес. Ырчынын атасы, агасы учкуч болгондуктан, Стас Михайлов да Минсктеги учкучтар окуу жайына тапшырып, бирок аны да аягына чыгарбай таштап койгон. Андан соң аскер кызматын өтөп, кийин чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн Москвага келген. 1992-жылы эң алгачкы "Шам" ("Свеча") деген белгилүү ырын жазган. 1997-жылы "Шам" ("Свеча") аталыштагы альбому жарыкка чыгып, андан соң "Сенсиз" ("Без тебя") ыры радиолордон кете баштаган. 2010-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти деп табылган Стас Михайлов "Жылдын шансону", "Алтын граммофон", "Жылдын ырлары" сыйлыктарына ээ болгон. Ал эми 2011-2012-жылдары ырчы "Forbеs" журналынын изилдөөсү боюнча "Орус шоу-бизнесиндеги эң бай адам" деп табылган.27-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(4)
kyrgyzka96
26.04.2015. 19:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фархат кенешбек уулуна жаман ичим атышат. Ырын укканда ыйлагым келет
Meerima.Majitova
27.04.2015. 02:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э кудай билинбей 1 жыл отуп кетиптир да
chyngyz1992
27.04.2015. 08:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен уккан эмес экенмин
aikol87
27.04.2015. 12:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyngyz1992, Койчу э.Былтыр интернетти жарган го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















