Европа Лигасынын жарым финалында италиялык “Наполинин” футболчулары украиналык “Днепрге” каршы турушат

Бүгүн, 24-апрелде Швейцариянын Ньон шаарында УЕФАнын Европа Лигасынын жарым финалында өз ара ойной турган командалар аныкталды. Чүчү кулактын жыйынтыгында жарым финалда италиялык “Наполи” футболдук клубу украиналык “Днепр” менен кездешмей болду. Ал эми испаниялык “Севилья” клубу италиялык “Фиорентина” менен ойнойт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, финалдык жолдомонун ээси 2ден оюндун жыйынтыгында белгилүү болот. Алгачкы оюндар 7-майда орун алса, жооптук оюндарды 14-майда көрүүгө болот. Ал эми финал 27-майда Польшанын борбору Варшава шаарында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.