super.kg logo

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мечит ишке кирди

 

24-апрелде Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүндө жаңы мечиттин ачылышы болду. Аталган иш-чарага муфтий Максат ажы Токтомушев,Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ниязали ажы Арипов,өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Мамат Орозбаев, Жыргалбек Самаков жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Облустук казыяттан кабарлашкандай, мечиттин ачылышы алгач куран окуу менен башталып, муфтий жана облус казысы келген конокторду мечиттин ачылышы менен куттуктап, аны курууга көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык билдиришти. Өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков мамлекет тарабынан динге өзгөчө көңүл бурулгандыгын айтып, андыктан ачылган мечиттин динди туура жеткирүүдө, ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда орду чоң экендигин белгиледи. Андан соң келген коноктор жергиликтүү жашоочулар менен бирге жума намазын окушту.

Эскерте кетсек, аталган мечитти курууга Сауд Арабиясындагы аалым, доктор Саид аль-Бухарий демөөрчүлүк кылган. Мечит үч кабаттан туруп, 1500 адамга ылайыкташтырылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
25.04.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЛЛА ыраазы болсун!
25.04.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым куттуу кылсын
25.04.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көпүрө, жол, бала бакча, мектеп салып берет бекен араптар?..
25.04.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazar,ушунусуна да ыраазы болунуз. Копуро, жол, мектеп, оорукана дегенди Кыргызстандын жараны, патриоту катары экообуз салсак жакшы болот эле го дейм.Кандай дейсиз, же катасы барбы аз-маз?
25.04.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Savai80, мечит салып тымызын башка максат көздөгөн чет элдик агымдардын "котур" ташы бир күн башка тийгенде көрөбүз.
25.04.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ыраазы болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: