super.kg logo

Ош. Жарандык коргоо кызматтары качкындарды кабыл алуудагы иш-аракеттерин практика жүзүндө көрсөтүштү

 

Кечээ, 24-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Агартуу тилкесинде КРнын Премьер-министринин – Жарандык коргонуунун башчысынын жетекчилиги астында өтүп жаткан машыгуунун экинчи этабы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, анда чектеш мамлекеттердин аймагында согуштук-саясий абалдын курчуган мезгилинде калкты көчүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу, качкындарды ар тараптуу камсыз кылуу жана жайгаштырууда мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын өз ара аракеттенишүүсү, ошондой эле Жарандык коргонуунун мамлекеттик системинин качкындарды кабыл алууга, жайгаштырууга жана аларды камсыз кылууга даярдыгын практикалык текшерүү өткөрүлүүдө.

Машыгуунун сценарийине ылайык, 24-апрель күнү саат 05:50дө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын №2027-аскерлештирилген бөлүгүнүн ыкчам кезметчисинен чектешкен мамлекеттерде кырдаал курчуганына байланыштуу Ош облусу тараптан чектешкен мамлекеттердин чек арасында 1500дөн ашуун качкындын агымы пайда болгондугу жөнүндө маалымат келип түшөт.

Иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты өзгөчө кырдаал болгон аймакта жашаган калкты коопсуз жерге көчүрүү жана аларды ар тараптуу камсыз кылуу, чек арага жакын атайын бөлүнгөн аймактарда фильтрациялык пункттарды куруу, аларды кабыл алууну уюштуруу, ошондой эле гуманитардык жардамдарды суроо жана кабыл алуу үчүн эл аралык уюмдар жана элчиликтер менен биргеликте иштешүүнү көргөзүү болду.

Машыгуунун аягында Жарандык коргонуунун кызматтарынын башчыларынын аткарылган иштери жөнүндөгү баяндамаларын угуп, кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү кызматтарга сунуштар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: