super.kg logo
  Саясат  

Жашы жете элек балдарга карата сексуалдык зомбулуктун алдын алуу боюнча маселе талкууланат

 

27-апрелде балдарга карата зомбулуктун күчөп кетишин жана балдарды зордуктагандарга карата сот адилеттигин камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Кылмыш-жазык кодекстерине түзөтүүлөрдү киргизүүнү талкууга алган тегерек стол өтөт.

Бул иш-чара Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесинин алкагында, "Балдарга каршы зомбулукту токтот!" аттуу долбоордун өнөктөштөрүнүн колдоосу менен өтмөкчү.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин, Бишкектеги № 3-балдар ооруканасынын, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы делегациясынын, Даниядагы эл аралык уюмунун жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Айта кетсек, 2015-жылдын январь айында Бишкектеги № 3-балдар ооруканасына сексуалдык зомбулуктан жабыркаган 2 жаштан 8 жашка чейинки 5 бала келип түшкөн. 2014-жылы жашы жете элек жеткинчектерге карата сексуалдык мүнөздөгү 140 кылмыш катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: