Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү мөөнөтү жылышы мүмкүн
Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү мөөнөтү жылышы мүмкүн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматынан 25-апрелде билдиришти. Маалым болгондой, дагы эки келишим боюнча биримдикке мүчө мамлекеттер менен бир пикир табыла элек. "Биринчиси - эл аралык келишимдер күчүнө киргенден кийин кыргыз мамлекети алчу жеңилдиктер. Кыргыз-кытай техникалык экономикалык келишими боюнча, кыргыз тараптын Кытайдан каражат алып, ГЭСтерди салуусу. Экинчиси - фитосанитардык эквиваленттик систем боюнча. Ушул эки протоколго кол коюу кечигип жаткандыктан, биримдикке мүчө мамлекеттер белгиленген убакытта келишимди ратификациялоого жетишпей калышы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 9-майында биримдикке мүчө мамлекеттер келишимди ратификациялашмак.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

