Ошто Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата массалык чуркоо орун алды













Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата Оштун борбордук аянтында 25-апрель күнү массалык чуркоо болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты.
Мэриядан кабарлашкандай, калаа башчысы Ош шаардык мэриясы ар кандай максаттагы спорттук иш-чараларды колдоого даяр экенин билдирип, шаар тургундарын жана жаштарды спорт менен машыгууга чакырып өттү. Анда катышуучулар жалпысынан 400, 500, 1500 жана 2200 метр аралыкка чуркашты. Жеңүүчүлөр атайын диплом, грамота жана баалуу белектерди Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин колунан алышты.

