super.kg logo
  Саясат  

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген унаа жолу курулат

 

Бүгүн, 18-февралда президент Алмазбек Атамбаев КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен жолугушту. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушуу учурунда түндүк менен түштүктү бириктирүүчү кошумча жолдун курулушу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. “5 жылдын ичинде Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген экинчи жолду куруп бүтүшүбүз керек”,- деди президент. Бул жол Жалал-Абад - Балыкчы багытында курулмакчы. Министр учурда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун курулушу бүтүп калганын, андан соң 2-стратегиялык маанилүү жолду куруу иштери башталарын айтты. Маалымат берип жатып министр аталган жолдун узундугу болжол менен 450 чакырым  болорун жана жолду куруу 3 этаптан турарын кошумчалады.

 

Сүрөттө:

1. Президент Алмазбек Атамбаев министр менен кошумча унаа жолун куруу планын талкуулоодо.

2. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган кошумча жолдун болжолдуу көрүнүшү. 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: