Казакстандагы президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев эң көп добушка ээ болду



Казакстандагы президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев эң көп добушка ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде казакстандык маалымат каражаттары жазышты.
Алдын ала маалымат боюнча, шайлоого катышкандардын 97,7 пайызы азыркы өлкө башчы Нурсултан Назарбаевге добуш беришкен. Ал эми Тургун Сыздыков 1,6, Абелгазы Кусаинов 0,7 пайыз добуш алган.
Шайлоонун расмий жыйынтыктары бүгүн белгилүү болот.
Айта кетсек, кечээ, 26-апрелде Казакстанда президенттик шайлоо өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

