super.kg logo
  Саясат  

Президент аскердик парадды 9-майда Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө токтом кабыл алды

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парадды 9-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө токтом кылды. Бул тууралуу 27-апрелде президенттик аппараттан билдиришти. 

Президенттин бул жарлыгында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоевге аскердик парадды кабыл алууга тапшырма берилет.

Аскердик парадга мамлекеттин Куралдуу күчтөрүнө кирген аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери жана офицерлери катышып, аскердик техника жана курал-жабдуулар көрсөтүлөт.

Ошол эле күнү, аскердик параддан кийин Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коюлат. Ал эми эскерүү иш-чаралары аймактарда да өткөрүлмөкчү. 

Айта кетсек, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта мурдагы СССРдин башка республикалары менен бир катарда кыргыз жеринен 360 миңден ашуун адам же дээрлик ар бир төртүнчү адам салгылашкан. Анын 95 миңден ашууну салгылашууларда курман болгон. 150 миңден ашуун мекендешибиз төшүнө орден, медаль тагынып кайткан. 73 мекендешибиз ысымын өлбөс-өчпөс кылып, "Советтер Союзунун Баатыры" деген эң жогорку наамга татыган. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: