Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу комиссиясынын 6-отуруму Ошто болот
28-апрелде Ош шаарында Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын 6-отуруму болот. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. "Жыйындын катышуучулары 27-апрелде Ош мамлекеттик университетинин иши менен таанышып, кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. 28-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуу болот",- деп айтылат маалыматта.
Ушул эле күнү парламентчилер Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата Өчпөс отко
гүлчамбар коюшмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

