2015-жылдын 1-кварталында мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 3 миллиард 28 миллион сом жумшалды
2015-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен иш жүзүндө 3 миллиард 28 миллион 771 миң сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик тышкы карыз боюнча 1 миллиард 770 миллион сом, мамлекеттик ички карыз боюнча 1 миллиард 258 миллион 700 миң сом жумшалды.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2015-жылдын 28-февралына карата 3 миллиард 597 миллион 300 миң долларды түздү. Анын ичинен тышкы карыз 3 миллиард 387 миллион доллар, ички карыз 210 миллион 300 миң доллар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

