super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети жерди натыйжалуу пайдалануунун механизмдерин түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 27-апрелдеги жыйынында жерлерди бир категориядан башка категорияга трансформациялоо боюнча карама-каршылыктарды жоюуга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда карап, жактырды.

Талкууда демилгечи депутат Дастан Бекешев жерди натыйжалуу пайдалануунун механизмдерин түзүү зарыл экенин айтты. "Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында мындай механизмдерди бир мааниде жана так колдонууга мүмкүндүк бере турган нормалар жок. Ошондуктан өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлерди башка түрлөргө которуунун мүмкүндүгүн кароону зарыл деп эсептейбиз. Бул болсо мындай маселени ар түрдүү мааниде жана туура эмес чечмелөөдөн качууга мүмкүндүк берет",- деди Бекешев.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: